Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Өзгөчө басым үстүбүздөгү жылдын 25-26-августунда Кыргызстандын төрагалыгы астында Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын эске алуу менен Евразия экономикалык биримдигиндеги интеграциялык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө жасалды.