Жарым миллиард долларлык чыгым. Атлантика океанында 4000дей унаа жүктөлгөн кеме өрттөндү

Португалиядагы Азор аралдарынын жээгинде Германиядан АКШга дээрлик 4000 даана кымбат баалуу унааларды ташып бара жаткан “Felicity Ace” жүк ташуучу кемеси өрттөнүп жатат.

Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Куткаруучулар беш-алты күндөн бери өрттү өчүрүүгө аракет кылып жатышканы айтылууда. Өрттөлгөн унаалардын баасы жарым миллиард долларга жетиши мүмкүн. Кемеде Porsche, Audi жана Bentley маркасындагы кымбат баалуу чет элдик унаалар болгон.

Маалыматтарга караганда, өрт электромобилдердин батареяларынан келип чыгышы мүмкүн экени болжолдонууда.

Кемеге ээлик кылган Сингапурдагы “MOL Ship Management” компаниясынын өкүлү өрттүн себебин иликтөөгө бир нече ай керектелерин билдирген.

Комментарий жиберүү