Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыктары чыкты

11-апрелде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо ийгиликтүү өттү.

11-апрелдеги Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары чыгарылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы маалымат сайтына жарыялады.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, саат 00.00гө карата 92,52% шайлоо участкаларынан же 2273 шайлоо участкаларынын 2262 шайлоо участкаларынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар алынды.
Шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоого жалпы 1 024 891 шайлоочу же тактап айтканда шайлоочулардын 30,89% катышкан.
Шаардык кеңештерге шайлоого 25,89% шайлоочулар катышты (303 176 шайлоочу).
Айылдык кеңештерге шайлоого 31,81% катышты (721 715 шайлоочу).
«Sputnik» маалымат агенттиги Бишкек шаардык кеңешинин болжолдуу курамы тууралуу кабарлады. Автоматтык түрдө эсептеген урнанын алдын ала маалыматына ылайык, мандаттар алты партияга бөлүштүрүлдү.
•  “Эмгек” – 13,94% (9 мандат);
•  “Ак бата” – 12,28% (8 мандат);
•  “НДПК) – 10,64% (8 мандат);
•  “Ата-Журт Кыргызстан” – 9,55% (7 мандат);
•  “Ынтымак” – 8,26 пайыз (7-мандат);
•  “Биздин эл” – 7,76 пайыз (6-мандат).
Бул болжолдуу эсептөө жана мандаттардын саны менен бөлүштүрүлүшү өзгөрүп кетиши мүмкүн.
Эскерте кетсек, Бишкек шаардык кеңешине депуттарды шайлоого 25 партия ат салышкан.

Комментарий жиберүү