Жердин картасында бешинчи океан пайда болот

Илимпоздор Түштүк океан башка үч океандын уландысы эмес, көзкарандысыз бирдик катары жашап келе жаткандыгын моюнга алышты.

 Алардын айтымында, Түштүк океандын чектерин континенттер эмес, Батыш Шамалынын Антарктида агымы аныктайт.
Белгилей кетсек, АКШнын Улуттук Географиялык Коому Жердеги бешинчи океандын – Түштүктүн бар экендигин тааныган.
National Geographic сайты билдиргендей, 2021-жылдын 8-июнунан тарта адистер аны карталарда белгилей башташкан.
 Жарыянын датасы кокустан тандалган эмес – жыл сайын ушул күнү Бүткүл дүйнөлүк океандар күнү белгиленет.
National Geographic белгилегендей, 1915-жылдан бери алар төрт океан: Атлантика, Тынч океан, Индия жана Арктика деп белгиленген карталарды жасап чыгышкан.
Эми алардын үстүндө Түштүк океан пайда болот. Ага Түштүк Атлантика океанында жайгашкан Дрейк өтмөгүнөн жана Скотия деңизинен тышкары, Түштүк кеңдиктин 60 градусуна чейин созулган Антарктиданы курчаган суулар кирет.
 Окумуштуулардын айтымында, Түштүк океан башка эч океанга окшобойт: аба муздак, мөңгүлөр көгүлтүр жана ал коңшу үч деңизге тийген жалгыз океан. Калган төрт океандан айырмаланып, Түштүк Океандын чектерин континенттер аныктабайт, бирок Антарктиданын айланасында батыштан чыгышка карай созулган Антарктикалык Циркумполярдык агым (Батыш Шамал агымы) аныктайт.
 Агымдын ичиндеги суу Түштүк кеңдиктин 60 градусунун түндүгүндөгү суулардан муздак жана бир аз туздуу. “Түштүк океан илимпоздор тарабынан илгертен эле таанылып келген, бирок эч качан эл аралык келишим болбогондуктан, биз аны расмий тааныган жокпуз”, – деп түшүндүрдү Улуттук Географиялык Коомдун өкүлү Алекс Тейт.

Комментарий жиберүү