Жириновскийдин «каза болгону» тууралуу маалымат четке кагылды

Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин ЛДПР саясий партиясынын лидери Владимир Жириновскийдин каза болгону тууралуу маалыматтарды четке какты.

Буга чейин бир катар орус ЖМКлары Жириновский каза болгондугун жазып чыгышкан.

Бул тууралуу РБК басылмасы жазды.

“Ал тирүү. Анын абалы чындап эле оор. Бүгүн ал компьютердик томографиядан өттү. Анын өмүрү үчүн дарыгерлер күрөшүп жатышат”, — деп жазды Володин Telegram каналына.

Саясатчынын абалы туруктуу деп бааланып, дарыгерлер мүмкүн болгон бардык медициналык жардам көрсөтүүнү улантып жатканын Саламаттыкты сактоо министрлиги РИА Новостиге билдирген.

Эске салсак, Жириновский коронавируска чалдыгып 2-февралда оор абалда Москванын Борбордук клиникалык ооруканасына түшкөн.

Комментарий жиберүү