ЖМК: Ооганстанда мечитте болгон жардырууда 100дөй адам каза болду

Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз провинциясында мечитте жарылуу болгонун Аамадж Ньюс агенттиги жазды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Ооганстандагы теракттын натыйжасында 100дөй жай тургун каза болуп, дагы ондогон адамдар жаракат алышты.

 Агенттиктин маалыматы боюнча, мечитке кол салуу жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:30дар чамасында болгон. Ал учурда мечитте жума намазын окуган адамдардын саны көп болгон.

Алдын ала билдирүүлөр боюнча, жардырууну жанкечти-террорчу жасаган.

Ал мечиттин ичине кирип, ошол жерде жардыруучу затты жардырып жиберген. Жардыруу болгонун өлкөдөгү бийликти басып алган радикалдуу талиптердин өкүлү Забихулла Мужахид тастыктады.

Комментарий жиберүү