Жо Байден коронавирус жуктурупм алды

АКШнын президенти Жо Байден COVID-19 жуктуруп алды. 

Бул тууралуу Ак үй кабарлаганын чет элдик басылмалар жазышты.

Байден толук эмдөө курсунан өтүп, эки жолу ревакцинацияланган. Учурда обочолонуу режимине өткөнү жана анда оорунун белгилери жеңил өтүп жатканы айтылды. 

“Ал Ак үйдүн кызматкерлери менен телефон аркылуу байланышууда жана пландаштырылган жолугушууларга резиденциядан онлайн катышат”, – деп жазылат маалыматта.

Президент тапшырган тесттен коронавирустун терс жыйынтыгы чыкканда гана кадимки режимде иштөөгө кайтып келет. 

Белгилей кетсек, АКШнын президенти 13-июлдан 16-июлга чейин Жакынкы Чыгышта иш сапарда болгон. Ал Израилге, Палестин автономиясындга жана Сауд Аравияга барып келген.

Акыркы күндөрү дүйнөдө коронавирус илдети кайрадан күчөп жатат. 

Ошондой эле дүйнөдө коронавирустун “Омикрон” штаммынын жаңы түрү “Кентавр” жайылууда. Алгачкы ирет ал Индияда аныкталган, бирок вирус учурда башка өлкөлөргө – Улуу Британия, АКШ, Австралия, Германия, Канадага жана Россияга да жеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, пандемия башталгандан бери дүйнөдө 566,7 миллиондон ашык адам коронавирус менен ооруп, алардын ичинен 6,3 миллиондон ашуун бейтап каза болду.

Комментарий жиберүү