Жо Байден расмий түрдө АКШнын 46-президенти болду

АКШнын 46-президентинин расмий инаугурациясы өттү.

«ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, шаршемби күнү Конгресс сарайында өткөн салтанатта АКШнын 46-президенти Жо Байден ант берди.
Жаңы шайланган президент Жо Байден Капитолий салтанатына жубайы Жил менен келди. Ал өлкөнүн Конституциясын бекем сактоого ант берди.
Байдендин инаугурациясы кыска мөөнөттө жана өлкөдө коронавирус илдети жайылылып жатканына байланыштуу социалдык аралыкты сактоо менен өткөрүлдү.
Президент Байден өз сөзүндө элди ынтымакка чакырып, АКШнын жарандарын бириктирүүгө умтулаарын бир нече жолу баса белгиледи. “Баардык америкалыктар үчүн президент болом”, – деп убада берди.
Ошондой эле аны менен чогуу вице-президент Камала Харрис дагы кызматына киришти.
Инаугурацияга келген коноктордун арасында, эреже катары, мурунку президенттерди кездештирүүгө болот. Аземге АКШнын мурдагы президенти Барак Обама жана мурунку биринчи айым Мишель Обама катышты.

Комментарий жиберүү