Жумуртканы ашыкча жеп алуу эрте өлүмгө алып келиши мүмкүн – изилдөө

Америкада Түндүк-Батыш университетинин окумуштуулары жумуртканы ашыкча жеп алуу эрте өлүмгө алып келиши мүмкүн экенин божомолдошту.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Адистердин айтымында, жумуртканын сарысында холестерин көп болгондуктан, адам жумасына үч гана жумуртка жесе кээ бир олуттуу оорулардын өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн.

Окумуштуулар изилдөө жүргүзүп, анын жүрүшүндө Америкадагы 29 миңден ашык адамдын ден соолугу тууралуу маалыматтарды изилдешкен. Катышуучулардын орточо жашы 51,6 жашты түзгөн, алардын абалы 17,5 жыл бою көзөмөлгө алынган.

Адистер изилдөөнүн катышуучуларынын тамактануу адаттарын анализдеп, адам жумасына үч  жумуртка жесе жүрөк-кан тамыр ооруларына кабылышы мүмкүн деген жыйынтыкка келишкен. Байкоо башталгандан кийин 20 жылдын ичинде изилдөөгө катышкан 5400 адам бул ооруларга туш болсо, 6132 адам табигый өлүмдөн өлгөн.

Башка нерселер менен катар, жумуртканын, айрыкча сарысын ашыкча колдонуу кан тамырлардын бүтөлүшүнө, атеросклерозго таасирин тийгизет жана инсульт коркунучун жогорулатат.

Комментарий жиберүү