Журналисттер миллиарддаган долларлык офшордук схеманы ачыкка чыгарышты

«Пандоранын документтер топтому (досье)» — деп аталган ал тизмеде Зеленский баш болгон дүйнөнүн 35 президенти жана миллиардерлер бар.

Журналист-иликтөөчүлөр  «Пандоранын документтер топтомун» ачыкка чыгарышты. Бул офшорлор боюнча тарыхта алгачкы ирет коомчулукка жарыяланып кеткен ири маалыматтар базасы болуп саналат.

Анда бир катар мамлекеттердин башчылары офшордук схема менен байланышта экендиги белгилүү болду. Бул тууралуу журналист-иликтөөчүлөрдүн (ICIJ) эл аралык консорциуму маалымат таратты. Андыктан ал «Пандоранын документтер топтому» (Pandora papers) деген жаңы аталышка ээ болду.

Атап айтканда, иликтөөчүлөр 100дөн ашык миллиардерлерди, 35 дүйнөлүк лидерлерди жана 400 мамлекеттик чиновниктердин байлыгын иликтешкен. Документтер топтому офшордук маалыматтардан алынган жалпы көлөмү 2,94 терабайттан турган 11,9 миллион файлга таянган. Журналисттер аны тарыхтагы эң ири офшордук маалыматтардын ачыкка чыгышы деп аташууда.

Буга чейин жеке маалыматтар ачыкка чыккан учур 2016-жылы катталып, «Панама архиви» деген аталышка ээ болгон. Анда ар кайсы өлкөлөрдөн көптөгөн бизнесмендер менен саясатчылардын аты аталган болчу. Алардын баардыгынын Панамада катталган компаниясы же жергиликтүү банктарда эсептери болгон.  

Иликтөөнүн башкы каарманы Украинанын президенти Владимир Зеленский болду

Журналисттик иликтөөдө Украинанын президенти Владимир Зеленский башкы каарман катары көрсөтүлгөн. Маалыматка ылайык, ал офшордук схеманы үй-бүлөсү чет өлкөдөгү бизнесин декларациясында көрсөтпөстөн киреше алышы үчүн пайдаланган. Атап айтканда, 2019-жылдагы шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө ал жакын досуна офшордук компаниядагы акциясынын 25 пайызын өткөрүп берген. Эми ошол досу Зеленскийдин кеңешчиси болуп саналат.

Зеленский жана анын жакын шакирттери олигарх Игорь Коломойский менен байланышкан 40 миллион доллардын которулушуна аралашкан болушу мүмкүн. Иликтөөнүн маалыматтарында Коломойский өзү миллиарддаган долларларды АКШнын ири Baker McKenzie деп аталган юридикалык фирмасынын жардамы менен жасалма компаниялар аркылуу адалдаган (отмывал).

«Пандора документтер топтому» АКШ жана Улуу Британиядагы салыктан качуунун масштабдуу схемасын ашкереледи

Журналисттер Кошмо Штаттарды дүйнөдөгү ири салыкты жашырган өлкө деп аташат. Документтерде мисалы, Түштүк Дакота жана Невада штаттарында олуттуу каржы кылмыштарына айыпталган адамдардын  «миллиарддаган долларлары» табылгандыгы көрсөтүлгөн.

Иликтөөчүлөр Улуу Британиянын экс-премьери Тони Блэр жана анын аялы 2017-жылы офшордук фирма аркылуу Лондондун борборунан кеңсени сатып алып, 6,4 миллион фунт стерлингди үнөмдөгөндүгү тууралуу тыянакка келишкен. Ошол эле учурда бул акча операциясынан эч кандай мыйзамга каршы иш жасап, салык төлөөдөн баш тартпаган менен офистик кеңсени сатып алууда имараттын бай ээлерине салык төлөбөй койууга жол берилген.

Жарыяланган документтерде Азербайжан, Чехия жана Пакистандын лидерлеринин аты аталган

Журналист-иликтөөчүлөр Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин үй-бүлөсү акыркы жылдары Улуу Британиядагы кыймылсыз мүлкүн сатуудан 400 миллион фунт стерлинг тапкандыгын белгилешкен. Атап айтканда, обьектилердин бирин 67 миллионго королдук үй-бүлө сатып алган.

Чехиянын премьер-министри Андрей Бабиш офшордук инвесткомпанияны Франциянын түштүгүндөгү баасы 22 миллион долларлык хансарайды сатып алуу үчүн пайдаланышы мүмкүн.

Ошондой эле пакистандык саясатчы, Имран Хандын өкмөтүндөгү министр  Мунис Илахи Сингапурдагы офшордук компания менен 33,7 миллион долларды инвестициялоо үчүн байланышкандыгы белгилүү болгон. Пакистанда бул маалыматтын тегерегинде ызы-чуу болуп, жеке иликтөө жүргүзүүнү убада кылышты жана эгер мыйзам бузулган болсо, тиешелүү чара көрүлө тургандыгы айтышты.

Документтерде Иорданиянын королу Абдалла II жашыруун түрдө офшордук схемалар аркылуу АКШ жана Улуу Британиядан жалпы баасы 106 миллион турган 14 үйдү сатып алууга аракет кылгандыгы белгиленген.

Россиянын президенти Владимир Путин иликтөөдө аталган эмес.

Саясатчылардан тышкары иликтөөдө шоу-бизнестин жылдыздары бар

Офшордук активдер менен ырчы Шакира да байланышкан экен. 2019-жылы ал Испанияда салык төлөбөгөндүгү үчүн сотко чакырылган. Бирок ошол кезде испан полициясы ырчынын мыйзам бузууларын иликтей баштаганда Шакира Улуу Британиянын Виргин аралдарында жаңы офшордук компанияларды каттаткандыгын белгилешкен, журналисттер. Ошондой эле документтер топтомунда супермодель Клаудия Шиффердин да аты аталган.

Мындан тышкары ырчы Хулио Иглесиас Улуу Британиянын Виргин аралдарында 20дан кем эмес компанияларды ачып, алар аркылуу 112 миллион долларга үйлөрдү сатып алган.

Комментарий жиберүү