Жүрөк бизди туура эмес чечим чыгарууга кантип түртөт?

Мээдеги чечим кабыл алуу борборлору жүрөктү ээрчип, канчалык жүрөк тез-тез согуп турса, ошончолук аз нейрон көйгөйлөрдү чечүүгө катышат.

Биз тынчсызданып, ачууланганда  толкунданып, дем алуубуз жана жүрөктүн кагышы жогорулайт.
Мындай нервдүү абалда биз суроолорго туура эмес жооп беребиз, маанилүү нерсени унутабыз, бир сөз менен айтканда адашып чечим кабыл алып, көп ката кетиребиз.
Шашылыш чечим кабыл алуу үчүн жооптуу болгон мээ борборлору бир убакта жүрөктүн кагышы менен дүүлүгүү деңгээлине байланышып тургандыктан болот.
Бул механизм PNASта Синай тоосунун медициналык борборунун кызматкерлери тарабынан изилденген.
Изилдөөчүлөр чечим кабыл алуучу эки чоң борбордун – орбитофронталдык кортекстин жана алдыңкы  cingulate кортексинин ишин байкашкан. Көрсө, алардагы нерв клеткаларынын айрымдары жүрөктүн кагышынын өзгөрүшүнө жооп беришет экен.
Тагыраак айтканда, нейрондор жүрөктүн кагышы көбөйгөндө көбүрөөк иштешет, ал эми жүрөктүн согушу басаңдаганда тынчтанышат.
Эң негизгиси, жүрөк тезирээк согуп баштаганда, мээнин эки борборундагы нейрондордун биринде (cingulate кортексинде) жүрөктү ээрчиген дагы нейрондор болгон.
Эгерде чечим кабыл алуу үчүн азыраак нейрондор жооп берсе, анда бул чечим жөнүндө ойлонууга көп убакыт кетет. Бул туура болот деген чындык эмес – анткени нерв клеткалары азыраак маалымат менен иштешет. Суроо туулат, эмне үчүн чечим кабыл алуу борборлору такыр жүрөктүн кагышын көзөмөлдөйт.
 Чынында, акылдын ишинин жүрөктүн ишине көз карандылыгы анчалык жөнөкөй эмес.
Толкундануу нөлгө жеткенде, жогорку когнитивдик функциялар солгун болот. Бул учурда, мээ көйгөйдү көпкө ойлонот жана дагы көп учурда жаңылат.
 Чынында эле, эгерде адам толугу менен эс алып жаткан болсо, анда нейрондорду чыңоо керек. Бир аз дүүлүгүү мээни иштөөгө мобилизациялайт. Жана өтө эле толкунданганда, курч стрессте жана катуу тынчсызданууда, албетте, мээ ашыкча көйгөйлөр жөнүндө ойлоно албайт.

Комментарий жиберүү