Жөргөмүштөдүн калың желеси Австралиянын бүтүндөй штатын каптады (видео)

Австралиянын жашоочулары  жөргөмүштөдүн калың желесинин торунда калышканын Daily Mail жазды. Аталган басылма миллиондогон жөргөмүштөр Австралиянын Виктория штатынын аймактарын калың желеси менен каптагандыгын кабарлайт.

Мындай көрүнүштөр буга чейин дагы орун алганына карабастан, алар өтө сейрек кездешет.

Социалдык тармактарга жарыяланган видеолордон аппак болгон калың желелер чөптөрдү, бадалдарды, бак-дарактарды, жол белгилерин жана башка курулуштарды каптап турганын көрүүгө болот.

Адистердин айтымында, жөргөмүштөр мындай жол менен нөшөрлөп жааган жамгырдан улам пайда болгон суу ташкынынан сактанышат.

Андан улам, жөргөмүштөр жерден жогору көтөрүлүп, кездемеге окшогон калың, узун желе токушат.
Адистер жөргөмүштөр адатта кичинекей көлөмдөгү желелерди токушаарын, ал эми азыр Австралиянын катаал шарттарына көнүүгө аргасыз болуп жатышканын белгилешти.

“Жөргөмүштөр биз аздыр-көптүр тааныш болгон желеден бир аз айырмаланган желе тартышат. Нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкыны болгондо, өмүрүн жерде өткөргөн бул жандыктар мындан ары ал жерде жашай алышпайт, ошондуктан алар жерден өйдө көтөрүлүшөт.  Жөргөмүштөр көбүнчө желенин эки катмарынын ортосунда жашашат”, – деп түшүндүрдү Сидней университетинин профессору Дитер Хочули.

Daily Mail маалймдагандай, жөргөмүштүн бул түрү адамдарга коркунуч келтирбейт.

Учурда жергиликтүү тургундар желелерди тазалай башташты, бирок синоптиктер жакын арада жаан-чачын болушу мүмкүн деп эскертишүүдө. Андай боло турган болсо бул көрүнүш дагы кайталанышы мүмкүн.

Эске салсак, 2012-жылы Жаңы Түштүк Уэльстин аймагында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен миңдеген жөргөмүштөр Вагга-Вагга шаарында баш калкалап, суу ташкынынан сактануу үчүн чоң желелерди тартышкан.

Андан улам шаардагы 9000ден ашуун кишилер үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан.

Комментарий жиберүү