Зеленскийдин АКШга сапары. Байдендин убадалары

 Украинанын президенти Владимир Зеленский Вашингтонго  сапары менен барды.

Зеленскийдин Россия Украинада аскердик операция баштагандан берки алгачкы чет элдик сапары

Украинанын президенти АКШга Польшанын Жешув шаарынан АКШнын Аскердик аба күчтөрүнүн Boeing C-40B учагы менен келди. ЖМКлардын маалыматы боюнча, Зеленский Польшага поезд менен келген. Сапарда аны АКШнын Украинадагы элчиси Бриджит Бринк коштоп жүрдү. Украин президенти Ак үйдүн каршысындагы америкалык президенттердин конок үйү болгон Блэр-хауска жайгашты.

Байден Зеленскийди Ак үйдө тосуп алды. Конокту тосуп алуу аземине Америка лидери менен бирге биринчи айым Жилл Байден да катышты.

Президенттердин жолугушуусу эки сааттан ашык созулду. Зеленскийдин сапары учурунда АКШ Украинага “Patriot” абадан коргонуу системаларын камтыган жаңы жардам пакетин расмий жарыялады.

Бул Украина президентинин 301 күндүк согуштан кийинки чет өлкөгө жасаган биринчи сапары. 24-февралдан бери ал Украинадан чыккан эмес, чет элдик саясатчыларды Киевде кабыл алган жана алар менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшкөн.

Байдендин убадалады

Жо Байден Зеленский менен жолугушууда Вашингтон Киевге аскердик колдоону, анын ичинде абадан коргонуу системаларын жеткирүү аркылуу дагы күчөтө турганын айтты.

“Биз Украинанын өзүн-өзү коргоо мүмкүнчүлүктөрүн, атап айтканда, абадан коргонуу системаларын жеткирүү аркылуу мындан ары да чыңдоого ниеттенип жатабыз. Ошондуктан биз Украинаны “Patriot” зениттик-ракеталык комплексинин батареясын берүүнү, ошондой эле аны кантип туура колдонуу керектиги боюнча украин аскерлерин окутууну көздөп жатабыз”, – деди Байден.

Буга чейин 21-декабрда АКШ Украинага кезектеги аскердик жардамдын алкагында Patriot зениттик-ракеталык комплексинин батареясын берерин жарыялаган.

Маалыматка караганда, бул жолку жардам топтомунун жалпы баасы 1,8 миллиард долларды түзөт. Анын бир миллиарды “Patriot” комплексинин чыгымы. Бериле турган комплекстин так мүнөздөмөлөрү жана анын модификациясы белгисиз, бирок батареянын курамында адатта төрт ракетасы бар сегиз учуруучу, радар жана командалык пункт бар. Бул комплекс Украина үчүн атайын өндүрүлгөн эмес, Американын армиясындагы жабдыктардан деп болжолдонууда.

Ушул эле жардам топтомунун бир бөлүгү катары Вашингтон Украинага кадимки аба бомбаларын башкарылчу ракетага айландырган JDAM системаларын жөнөтүүнү пландаган. Киевге артиллериялык снаряддар, HIMARS комплекстери үчүн ракеталар, жүк ташуучу унаалар жана радарга каршы ракеталар жеткирилет.Мындан тышкары, Байден АКШ Украинага 374 миллион доллар өлчөмүндө гуманитардык жардам көрсөтө турганын убадалады.Анын айтымында, жардам азык-түлүк жана негизги керектөөлөр түрүндө да, каржылык колдоо түрүндө да жеткирилет. Буга чейин жарыяланган 1,8 миллиард долларлык коргонуу жардамы менен бирге Украинага жаңы жардам пакети 2,2 миллиард долларга жетет.Эске салсак, буга чейин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров БУУнун Коопсуздук кеңешинин Украина боюнча жыйынында сүйлөп жатып, Киев режимин колдогон батыш өлкөлөрү жаңжалдын тараптарына айланып баратканына көңүл бурган. Ал ошондой эле Украина үчүн курал-жарак камтыган ар кандай жөнөтүүлөр Россия үчүн мыйзамдуу бутага айланарын белгилеген. Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украинага Батыштан курал-жарактарды тартуу орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн ийгиликтүү болушуна салым кошпой, терс таасирин тийгизерин билдирген.Украина менен АКШ чыныгы биримдикке жетти

Өз кезегинде Владимир Зеленский анын АКШга сапары Батыштын аскерий жардамы менен Украинадагы кырдаалга көзөмөлдү калыбына келтирүүнүн аркасында мүмкүн болгонун айтты.

“Мен эртерээк келгим келген, бул тууралуу президент мырза билет, бирок келе алган жокмун, анткени абал өтө оор болчу. Бирок менин келгеним, биринчи кезекте бул сиздин (Байден – ред.) колдооңуздун аркасында кырдаалды көзөмөлдөп жатабыз дегенди билдирет”, – деди ал.

Зеленский ыраазычылык белгиси катары, Байденге капитан Павлонун аскердик сыйлыгын тапшырды.

Жолугушуудан кийин Зеленский маалымат жыйынында үйгө жакшы кабар менен дээрлик 2 миллиард долларлык аскердик жардам пакети менен кайтып жатканын айтып, бул пакеттин негизги элементи – Украинанын абадан коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн бекемдей турган “Patriot” системалары экенин баса белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин Зеленский өзүнүн Telegram-каналына Украина менен АКШ чыныгы биримдикке жеткенин жазды.

“300 күндүн ичинде биз Украина менен АКШнын ортосундагы мамилелердин жаңы этабын баштадык. Чыныгы биримдиктин деңгээлине жеттик, алакабыз абдан тыгыз, маңыздуу”, – деп жазды украин президенти.

Байден кышты Путиндин “куралы” деп атады

Байден орус лидери Владимир Путин кыш мезгилин курал катары колдонууга аракет кылып жатканын ырастады.

“Бейкүнөө украиндерге кол салуулардын коркутуудан башка максаты жок… Ал (Путин – ред.) ошондой эле кышты курал катары колдонууга аракет кылууда”, – деди Байден, Россиянын Украинанын калктуу конуштарын жана энергетикалык инфраструктурасын аткылоосуна токтолуп.

Ал Зеленскийге америкалыктар европалык өнөктөштөрү менен бирге Украинаны колдоону улантат деп ишендирди.

Комментарий жиберүү