Израилдин палестиналыктарга кийлигишүүсү

Батыш Шерианын түндүгүндө орун алган Балата палестиналык качкындар лагеринде болгон куралдуу кагылышууда палестиналык бир жаш каза болду.

Израил аскерлеринин оккупациядагы  Батыш Шериада 22 палестиналыкты камакка алгандыгы билдирилди. 

Палестиналык туткундар коомунун басма сөз координатору Эмани Саран Израил күчтөрүнүн Батыш Шерианын ар кайсы жерлерине тинтүүлөрдү жүргүзгөнүн билдирди.

Саран тинтүү  учурунда көпчүлүгү Наблус, Тубас жана Рамалла шаарларынан келген 22 кишинин кармалганын билдирди.

Оккупациядагы  Батыш Шериа жана Чыгыш Иерусалимде үйлөрдө  тез – тез тинтүүлөрдү жүргүзгөн  Израиль күчтөрү, ар кандай шылтоолор менен палестиналыктарды камоодо.

Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста  кадимки эле абалга айланган камакка алуулардан кийин  араларында аялдар менен балдар да палестиналыктардын айрымдары көптөгөн күндөр камоо борборлорунда кармалууда. 

Бир тараптан Израиль аскерлери оккупацияга  алган Батыш Шерианын түндүгүндө орун алган Балата палестиналык качкындар лагеринде болгон куралдуу кагылышууда палестиналык бир жаш каза болду.

Комментарий жиберүү