Израиль армиясы газа тилкесиндеги курал-жарак кампаларын бутага ала баштады

Израилдин Коргоо күчтөрү шейшемби күнү Газа тилкесиндеги жарандык имараттарда жайгашкан курал-жарак кампаларын бомбалай баштады.

Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлады.
Израиль армиясы Твиттердеги баракчасына билдирүү жарыялап, “Израиль армиясы Газадагы жарандык структуралардын ичинде катылган курал-жарак сактоочу жайларды бутага алат”, – деп эскертүү берген.

Ошондой эле, билдирүүдө аймактагы карапайым жашоочуларды радикалдык палестиналык ХАМАС кыймылынан алыс болууга чакырып, “ХАМАС сизге коркунуч келтирүүнү каалап жатат, ал эми биз Хамастын курал-жарак жайларынан алыс болуп, коопсуздукту сактоого чакырабыз”, – деп жазган.

Буга чейин, 10-майда Израилдин полициясы жөөттөр жана мусулмандар ыйык туткан Аль-Акса мечитин тинтүүгө алышкан. Милиция кызматкерлери карапайым жарандарга каршы резина ок, эстен тандыруучу граната жана көздөн жаш агызуучу газ колдонушкан.

Кагылышууда 200дөн ашуун палестиналыктар набыт болуп, жаракат алышкан.

Израиль полициясынын Аль-Акса мечитиндеги кол салууларын бүткүл дүйнө айыптоодо. Палестинанын каршылык көрсөтүү уюмдарынан Израилге каршы катуу реакция болду. Фатх Кыймылынын Борбордук комитети Израилдин Кудстагы иш-аракеттери улана берсе, бул Палестинанын бардык аймактарында ар тараптуу жаңжалга алып келерин эскертти.

Комментарий жиберүү