Израиль Газага абадан кол салды

Израиль армиясынан берилген маалыматта аскердик учактардын Хамаска таандык жер астындагы  ракета чыгаруучу жерди бутага алгандыгы билдирилди.

Израилдин аскердик учактарынын Газанын түштүк  –  батышында Хамаска таандык бир жерди аткылагандыгы белгиленди. 

Израиль армиясынан берилген маалыматта аскердик учактардын Хамаска таандык жер астындагы  ракета чыгаруучу жерди бутага алгандыгы билдирилди. 

Кол салуунун түнү Газадан Израилге учурулган ракеталарга жооп катары ишке ашырылгандыгы, бутага алынган жердин Газадагы ракета чыгаруучу жерлердин эң чоңу экендиги тууралуу маалымат берилди. 

Кол салуудан улам аймакта катуу жарылуу үндөрүнүн угулгандыгы айтылып, каза болгон же жаралангандар тууралуу маалымат берилбеди. Израиль армиясы мындан мурда берген билдирүүсүндө Газадан түштүктөгү Ашкелон шаарына атылган 2 ракетадан бирөөсүнүн Темир Купол абадан коргонуу системасы тарабынан жардырылгандыгын, бирөөсүнүн Ашкелон жакындарында ачык аянтка түшкөндүгүн жарыялаган. 

Комментарий жиберүү