Лапид 1 – ноябрда боло турган шайлоолорго чейин өлкөнү убактылуу премьер – министр катары башкарат.
Кечээ Израилде парламент таркатылып, 1 – ноябрда мөөнөтүнөн эрте өтүүчү шайлоо тууралуу чечимдин жарыяланышынан кийин Нафтали Беннетт премьер – министрлик кызматын коалиция өнөктөшү Яир Лапидге өткөрүп берди.
Мөөнөтүнөн эрте болуучу шайлоо чечими чыгарылган түнү коалиция өкмөтүндө тышкы иштер министри катары кызмат кылган Лапид өлкөнүн 14 – премьер – министри болду.
Лапид 1 – ноябрда боло турган шайлоолорго чейин өлкөнү убактылуу премьер – министр катары башкарат.
Израиль депутаттары кечээ мөөнөтүнөн эрте өтүүчү шайлоого баруу максатында парламенттин таратылышын камтыган долбоорду кабыл алды. Долбоор менен мөөнөтүнөн эрте өтүүчү шайлоонун күнүн да 2022 – жыл 1 – ноябрь деп бекитишти. Бул Израилде 3 жарым жылдын ичинде бешинчи жалпы шайлоо болот.
Өлкөнү бир жылга жакын убакыттан бери башкарып келе жаткан көп партиялуу коалициялык өкмөттүн өнөктөштөрүнүн бири Беннетт менен Лапид 20 – июнь күнү кечинде парламентти таркатуу жолу менен мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү чечимине келгендерин жарыялашкан.
Нафталли Беннет 29 – июнда да шайлоодо талапкер болбой тургандыгын айткан.