Израиль Sputnik V вакцинасын палестиналыктарга жеткирүүгө бөгөт койду

Палестина Израилдин орусиялык ковид вакцинасын өткөрбөй койгонун жарыялады.

Islam Today маалымат порталы билдиргендей, Израиль Газа тилкесиндеги палестиналыктарга орусиялык Sputnik V коронавирус вакцинасын жеткирүүгө бөгөт койду.
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү менен The Guardian гезити, Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги Израиль чек ара бекетинде медициналык кызматкерлерге арналган 2000 доза вакцинасы кармалганын жазды.
Израилдик булак гезитке билдиргендей, Палестина бийлиги буга чейин Израилдин Улуттук Коопсуздук Кеңешине суроо-талап жөнөткөн, бирок ал дагы деле каралып жатат.
Эске салсак, Палестина Орусиянын коронавируска каршы вакцинасын жактырган Жакынкы Чыгыштагы биринчи мамлекет болгон.
Мурдараак өлкө,  Sputnik V 100 миң дозасын сатып алууну көздөп жатканы, ага дагы 10 миң доза акысыз берилери маалым болгон.

Комментарий жиберүү