ИИМ: «Головнойдо» минометтун огунан 25тен ашык киши өлгөн

Ички иштер министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы “Головной” тилкесинде минометтен атылган октон 25тен ашык киши каза болгонун билдирди.

ИИМдин маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, кагылышуу боюнча 11 кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды.

Анын ичинде Лейлек районунда ок жеген он эки жаштагы Мадинанын өлүмү, Ак-Сай айыл аймагындагы “Головной” тилкесинде минометтен атылган октон 25тен ашык (саны такталууда) жергиликтүү тургундардын массалык түрдө өлтүрүлүшү, жолдо жүрүп бараткан унааларды аткылоо жана эл арасында көз жумгандар боюнча иштер бар.

Жарадар болгон 162 адамдын 118ине ок тийгени маалым болду. Жаракат алгандардын 12си Чек ара кызматынын жоокерлери, ИИМдин 17 кызматкери, калгандары карапайым жарандар.

Расмий маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда жараат алгандардын саны 178 кишиге жетти, 34 адам каза тапты. Ал эми Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек.

ИИМ Баткенде иликтене турган иштердин көптүгүнө байланыштуу Тергөө кызматынан тажрыйбалуу 20 кызматкер жөнөтүлгөнүн билдирди.

Комментарий жиберүү