Илон Маск Tesla компаниясындагы акцияларынын 10% сатат

Tesla компаниясынын башчысы, дүйнөдөгү эң бай адам деп эсептелген Илон Маск компаниядагы үлүштөрүнүн 10% сатат.

Өткөн ишемби күнү миллиардер “Твиттер” баракчасына колдонуучулар колдосо акцияларынын 10% сата турганын жазып, сурамжылоо жүргүзгөн. Ага катышкан 3,5 миллиондон ашык колдонуучунун дээрлик 58% бул идеяны колдошкон.

“Мен сурамжылоонун каалаган жыйынтыгына макул болууга даяр болчумун”, – деп жазды Маск сурамжылоо аяктагандан кийин.

Ал сурамжылоо жүргүзүү чечимин “акыркы кездери “ишке ашпаган кирешелер” салыктан качуунун бир жолу экени тууралуу көп айтылып жатканы” менен түшүндүрдү. Маск компаниядан айлык же сый акы албай турганын, болгону акцияларга гана ээ экенин белгиледи.

Опциондорду эске алганда ал дүйнөдөгү эң кымбат автоунаа компаниясы эсептелген Tesla’нын акцияларынын 23% ээлик кылат. Жакында эле анын базар баасы 1 триллион доллардан ашкан.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, жума күнү соодалашуу жабылган учурда Масктын акцияларынын 10% болжол менен 21 миллиард долларды түзгөн.

Сенаттагы демократтар президент Жо Байден сунуштаган социалдык чыгымдардын программасын каржылоо үчүн миллиардерлердин башка да акциялары менен соода активдеринен салык алууну сунушташкан. Алар мындай жол менен бай адамдарга капиталдын өсүшү үчүн алына турган салыкты төлөөнү кийинкиге калтырууга мүмкүндүк берген “боштуктарды” жабууга да болорун белгилешкен.

Маск бул сунушту сынга алып, “Акыры алардагы башка бирөөнүн акчасы түгөнүп, сага келишет”, — деп жазган.

Комментарий жиберүү