Иманкулов тажик тараптан канча жоготуу болгонун айтты

Чек арадагы куралдуу кагылышууда тажик тараптан 200дөн ашуун аскер кызматкери мерт болуп, 400гө жакыны жарадар болгон.  Бул тууралуу Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 19-сентябрда маалымат жыйынында билдирди.

“Колдо бар маалыматтар боюнча, тажик тараптан 200дөн ашык аскер кызматкери каза болуп, 400гө жакыны жарадар болгон. Аларга салыштырмалуу бизде жоготуу аз”, – деди ал.

Белгилей кетсек, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арадагы кагылышууда 35 адам каза болуп, 25 киши жарадар болгонун кабарлаган.

Иманкулов Кыргызстандын чек арачылары биринчилерден болуп ок атпаганын баса белгиледи.

Ал тажик тараптын биринчи ок атканы жана масштабдуу түрдө Кыргызстандын аймагына өткөнү тууралуу аудио, видео далилдер бар экенин билдирди.

“Биздин чек арачылар ок атууга аргасыз болушкан, бирок жарандык объектилерге ок чыгарган эмес. Тажик тарап кыргыз конуштарын тоноп, өрттөп жиберишти, алар залптык ракеталык системаны колдонушту. Ал тургай, алар 17-сентябрда Ош облусун аткылай баштаганда, биздикилер башында жооп беришкен жок. Бир сааттан кийин снаряддар жакындай баштаганда биздикилер да ата баштады”, – деп кошумчалады Иманкулов.

Комментарий жиберүү