Индияда белгисиз оорудан адамдар каза болуп жатышат

Индиянын Уттар-Прадеш штатында акыркы бир аптанын ичинде белгисиз оорудан 68 адам каза болду.

Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Белгисиз илдеттен акыркы бир сутка ичинде эле 12 киши көз жумган. Курман болгон 68 кишинин 40ы жаш балдар.  

Маалыматка караганда, ооругандардын көпчүлүгүнүн дене табы көтөрүлүп, калчылдап, кандагы тромбоциттердин деңгээлинин төмөндөп кеткен. Айрымдарында катуу баш оору, булчуң оорусу, жүрөк айлануу жана лимфа түйүндөрүнүн шишүүсү сыяктуу денге синдромунун симптомдору байкалган.

Табышмактуу оорууга чалдыгып жаткандарды дарылоого аракет кылып жаткан медиктердин бири Маниш Асижа Times of India басылмасына берген маегинде, “Аймактагы абал кооптуулук жаратууда. Саздак жер, антисантария жана гигиеналык эрежелердин сакталбай жатканы бул оорунун таралышына себеп болууда”, – деп билдирди.

Өлкө бийлиги нөшөрлөгөн жамгырдан улам пайда болгон өтө нымдуулук жана андан кийинки ысыктан аталган аймакта чиркейлер аркылуу таралган жугуштуу оорулардын жугушуна абдан ыңгайлуу шарт түзүлгөнүн билдирди.

Комментарий жиберүү