Индияда коронавируска чалдыккандардын саны 20 миллионго жакындады

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча Индияда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 19 925 517 адамга жетти.

Бул өлкөдө 12-күн катары менен күнүнө 300 миңден ашуун коронавирустун жаңы учурлары аныкталса, бир күн мурун өлкө дүйнөлүк рекорд коюп, күнүнө 400 миңден ашуун жаңы учурларды каттады.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча акыркы 24 саатта 368 147 жаңы учур катталып, өлкө боюнча ооруган адамдардын жалпы саны 19,9 миллиондон ашты, ал эми бир суткада каза болгондордун жалпы саны 3417ге көбөйүп, пандемия башталгандан бери 218 959 адам каза болду.

Эксперттердин айтымында, 1,35 миллиард адам жашаган өлкөдө иш жүзүндөгү көрсөткүчтөр расмий көрсөткүчтөрдөн бир нече эсе жогору болушу мүмкүн.

Индия дүйнө жүзү боюнча ооруга чалдыккандар көрсөткүчү боюнча биринчи турат. 

Буга чейин Индияда коронавирус илдетинен өлгөндөрдүн саны көп болгондуктан, крематорийлерде орун жок маркумдардын сөөгү күнү-түнү көчөлөрдө өрттөлүп жатканы маалымдалган. 

Өлкөнүн премьер-министри Нарэндра Моди коронавирустун жаңы толкуну Индияны катуу бороондой каптады деп билдирген.

Комментарий жиберүү