Индияда мөңгү түшүп, 10 киши каза таап, 150сү дайынсыз болууда

Индиянын түндүгүндөгү Уттаракханд штатында мөңгү түшүп, 10 киши каза таап, 150сү дайынсыз болуп жатат.

Бул тууралуу Индиянын маалымат каражаттары маалымдашканын “IRNA” МА кабарлады. “India Today” телеканалы билдиргендей, Гималайдан түшкөн мөңгү Уттаракханд штатынын Чамули аймагындагы плотинаны бузуп, суу ташкынына алып келди. Кырсыктан улам жергиликтүү 10 тургун каза болуп, плотинада иштеген 150 жумушчу дайынсыз болууда.

Уттаракханд штатынын башкы министри Ом Пракаш бул кырсык тез арада болуп, адамдарды эскертүүгө убакыт жетишпей калганын билдирди. Ал бул окуяда 100-150 адам курман болгон болушу мүмкүн экенин, бирок азырынча алардын саны белгисиз экенин билдирди. Кырсык болгон жерге куткаруучулар жөнөтүлгөн.

Өлкөнүн аба жана кургактагы күчтөрү дагы жогорку даярдыкта турушат. Азырынча кырсыктын себептери аныктала элек.

Эске салсак, 2013-жылы Уттаракханд штатында катуу жаан-чачындан улам суу ташкындап, 6000ден ашуун адам каза болгон.

Комментарий жиберүү