Индиянын түштүгүндө болгон селден 22 киши каза тапты

Индиянын түштүгүндө Керала штатында бир нече аймакта сел жана жер көчкү жүрүп, бери дегенде 22 киши каза тапты.

Бул тууралуу Индиянын расмий өкүлдөрү билдиргенин “Farsnews” агенттиги жазды.

Штат боюнча бир нече күндөн бери тынбай жааган жамгырдын кесепетинен келип чыккан сел жана жер көчкүдөн тургундарды куткаруу үчүн Индиянын армиясы менен флоту тартылган.

Керала штатынын Кризисти башкаруу комитетинин билдирүүсүнө караганда, көптөгөн аймактарда метеорологиялык эскертүүлөр алынганы менен, штатта жамгырдын жаашы дагы уланары күтүлүүдө.

Буга чейин, Индиядагы акыркы кылымдагы эң катуу сел Керала штатында болгон. 2018-жылы кеминде 400 кишинин өмүрүн алган 200 миңге жакын адамдын жер которушуна алып келген сел жүргөн.

Белгилей кетсек, август айында “муссон” бороону Индиянын батыш жээгин бир нече күн бою каптап, 136 кишинин өмүрүн алып, 90 миңдей жашоочларды жер которууга аргасыз кылган.

Комментарий жиберүү