Индонезияда жер титирөөдөн курман болгондордун саны 162ге жетти

Окшош мазмун

  Кечээ, 21-ноябрда Индонезиянын Ява аралында күчү 5,6 баллга жеткен катуу жер титирөөдөн каза болгон адамдардын саны 162ге жетти.

Бул тууралуу Батыш Яванын губернатору Ридван Камил билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, көз жумгандардын көбү балдар.

“Индонезиянын метеорология агенттигинин чалуу борборуна 162 адам каза тапканы тууралуу маалымат түштү. Алардын басымдуу бөлүгү балдар болгондуктан абдан тынчсызданып жатабыз. Бул аймакта мектеп-интернат көп. Ошол себептен жашы жетелектер арасында өлүм көп катталган”, – деген ал.

Губернатор 326 тургун оор жаракат алганын белгилеп, провинциядан 13,8 миң адам эвакуацияланганын кошумчалады.

Мындан тышкары, эки миңден ашык үй жабыркап, айрымдары таптакыр жарактан чыккан.

Жарыяланды Uncategorized

Комментарий жиберүү