Индонезияда сел жүрдү

Индонезиянын Ява аралында болгон селде кеминде 5 адам каза болуп, 4 адам дайынсыз жоголду.

Индонезиянын Ява аралында болгон селде кеминде 5 адам каза болуп, 4 адам дайынсыз жоголду.

Индонезиянын улуттук апаат агенттигинин берген маалыматына караганда, Яванын Кота Бату аймагында катуу жааган жамгырдан улам 5 айылды суу каптады.

Индонезиянын улуттук апаат агенттигинин басма сөз катчысынын орун басары Абдул Мухари селден каза болгон 5 адамдын сөөгүнүн табылганын, 4 адамдын дайынсыз жоголгондугун белгиледи.

Мухари жоголгондорду издөө – куткаруу иштеринин башталганын, кечээтен бери куткаруу иштеринде 5 кишинин куткарылганын айтты. Жолдорду тоскон ылай жана урандылардын чукул жардам иштерин кечеңдеткенине көңүл бурган Мухари апаатта кээ бир көпүрөлөр, үйлөр жана унаалардын зыянга учурагандыгын билдирди.

Индонезиянын улуттук апаат агенттигинин директору Ганип Варсито катуу жамгырдын февраль айына чейин уланаарын белгиледи.

Индонезияда мезгилдик жамгырдан улам сел жана жер көчкү көп катталууда.

Табигый кырсыктар боюнча башкармалыктын маалыматы боюнча, бул архипелагда калктын жарымына тең келген 125 миллион адам жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашайт.

Комментарий жиберүү