Ирактын борборундагы АКШнын аскердик базасына ракеталык чабуул жасалды

Маалымат булактары Багдад эл аралык аэропортунун жанындагы АКШнын аскердик базасына ракеталык чабуул жасалгандыгын кабарлашты.

Бул тууралуу «ir.Sputnik News» агенттиги жазды.
Багдад аэропортунун айланасында АКШнын “Виктори” аскер базасы жайгашкан жерге кеминде төрт ракета атылды.
Кол салуудан кийин сирена үнү угулуп, Американын учкучсуз учактары аймактын үстүнөн учуп өтүштү.
Ракеталардын бири Виктори базасына тийгени айтылууда. Бирок, жоготуулар боюнча маалымат бериле элек. Буга чейин аскердик базада АКШнын аскердик коргонуу тутуму активдештирилгени кабарланган.
Берилген маалыматка ылайык, аты аталбаган коопсуздук булагы Ирактагы Американын Виктори базасында жаңы C-RAM коргонуу тутуму иштей баштаганын билдирген.
Бул система минометтун снаряддарга каршы жана ракеталар менен күрөшүүдө колдонулат.

Комментарий жиберүү