Ирактын президентинин буйругу менен 340 адам өлүмжазасына тартылат

Ирак Республикасынын Президентинин Аппараты 340тан ашуун соттолгон террорчулар менен кылмышкерлердин өлүм жазасына тартылышынын акыркы тастыктамасын жарыялады.

Бул тууралуу Pars Today агенттиги “Родавонт” маалыматына шилтеме берип жазды.
Белгилей кетсек, Ирак Республикасынын Президенти Бархам Салехтин кеңсеси 24-январда өлүм жазасын бузуунун бардык деталдарын иликтеп чыгып, 2016-жылы мунапыс боюнча мыйзамдын аткарылышынан кийин, бул өлүм өкүмдөрүнүн акыркы ырасталышы Конституцияга ылайык болгонун жарыялады.
Ал эми 23-январда Ирак парламентиндеги “ас-Садикун” фракциясы 70 депутаттын колун чогултуп, президенттин түрмөдөгү ИШИМ террорчуларынын өлүм жазасын аягына чейин чыгарган мыйзам кабыл алууну талап кылды.
Эске салсак, “ас-Садикун” фракциясынын бул аракети өткөн аптада Багдадда болгон эки террордук жардыруудан 32 адам каза болуп, 110 адам жаракат алгандан кийин жасалды.
 Акыркы үч жылда Ирактын ар кайсы аймактарында ИШИМ террордук иш-аракеттеринин саны көбөйдү.
 Ирактык маалымат булактары билдиргендей, түрмөлөрдө 19000 ИШИМ террорчулар бар. Алардын үч миңи өлүм жазасынын акыркы тастыкталышын күтүп жатышат жана бул өкүмдү чыгаруу мыйзамдуу түрдө президенттин милдетине кирет.

Комментарий жиберүү