Ирандагы президенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктары чыкты

Кечээ, 18-июнда Иранда өткөн 13-президенттик шайлоолордун алгачкы жыйынтыктары жарыяланды.

Берилген маалыматтарга караштуу, президенттик шайлоодо 28 млн. 600 миң жаран добуш берген.
Алардын 17 млн. 800 миңден ашууну Аятолла Сейед Ибрагим Реисиге добуш беришсе,  Мохсен Резаи 3 млн. үч жүз миңден ашык добуш алган.
Ал эми, Абду-насер Хеммати 2,4 млн. добуш топтоп, Сейед Мир Хоссейн Газизаде Хашеми жалпысынан бир миллиондой добушка ээ болду.

Белгилей кетсек, өлкөнүн шайлоо өнөктүгүнүн башчысы учурда добуш эсептөөлөр аягына чыга электигин билдирди.

“Добуштарды топтоо учурда жүрүп жатат, ал биротоло бүткөндө Ички иштер министри акыркы статистиканы расмий салтанат учурунда жарыялайт”,- деп билдирди шайлоо өнөктүгүнүн башчысы.

Комментарий жиберүү