Иранда катуу жер титиреп, 50дөн ашуун адам жабыркады. Сүрөт

Ирандын түштүгүндөгү Хормозган провинциясында катары менен күчү 6,1 жана 6,3 баллга жеткен эки жер титирөө катталды.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги маалымдады.

Алдын ала берилген маалыматтарга караганда, зилзаладан 5 адам каза таап, 49 адам жаракат алган.

Жер титирөө бүгүн таңга маал, Хормозган провинциясынын Хемир жана Бендер-Ленге шаарларына жакын жерде, 10 чакырым тереңдикте болгон. 

Маалыматка караганда, алгач бир силкинүү болуп,  бир нече мүнөттөн кийин катары менен күчү 6,1 жана 6,3 баллга жеткен эки жер титирөө катталган.

Жаратылыш кырсыгынан аймактын ар кайсыл аймактарына олуттуу зыян келтирилип, үйлөр кыйраган.

Кырсык болгон аймакка Ислам революциясынын сакчылар корпусунан баштап, Кызыл жарым ай коому сыяктуу жардам топтору жиберилген. 

Ирандагы жер титирөө ага коңшу өлкөлөр Бахрейн, Сауд Аравиясы, Оман, Пакистан, Катар жана Ооганстанда да сезилгени айтылууда.

Эске салсак, мындан 10 күн мурун Ооганстанда күчү 6,1 баллга жеткен жер силкинүү катталып, миңге жакын адам каза болуп, 1500дөй адам жаракат алышкан.

Комментарий жиберүү