Иранда коронавирустан каза болгондор рекорддук санга жетти

Иран Ислам Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө акыркы суткада коронавирустан 684 бейтап каза болгонун билдирди.

Белгилей кетсек, бул сан пандемия башталгандан берки рекорддук көрсөткүч болуп кады.
Берилген маалыматтарга караштуу, өлкөдө акыркы бир сутканын ичинде КOVID-19 менен ооруган 36 419 жаңы пациент аныкталган.
Калкы 80 миллиондук Ирандын төрттөн бир бөлүгү вакцина алды.
Ал эми пандемиядан бери COVID-19га чалдыккандардын жалпы саны 4 677 114гө жетти.
Тилекке каршы, акыркы 24 саатта бул оорудан 684 бейтап курман болуп, каза болгондордун жалпы саны 102 038ге жетти.
Ошондой эле, буга чейин 3,932,472 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган.
Эске салсак, Иран чет өлкөлүк вакциналарды импорттоодон тышкары улуттук COV Iran Barakat вакцинасын чыгарууда.

Комментарий жиберүү