Иранда коронавирус менен ооругандардын саны болуп көрбөгөндөй көбөйдү

Иранда бир сутканын ичинде 193 бейтап каза таап, жалпы курмандыктардын саны 63 миң 699га жетти.

Бул туурасында өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий өкүлү Сима Садат Лари билдиргенин “Eurasia Today” агенттигинин кабарчысы маалымдайт.

Ал акыркы 24 сааттын ичинде коронавирус  20 миң 954 адамдан аныкталып, алардын  2319у ооруканага жаткырылганын маалымдады. Анын айтымында, өлкөдө жалпы ооругандардын саны 1 миллион 984 миң 348ге жетти.

“Тилекке каршы, акыркы 24 сааттын ичинде коронавирус 193 бейтаптын өмүрүн алды жана бул оорудан каза болгондордун жалпы саны 63 миң 699га адамга жетти. Бактыга жараша, ушул күнгө чейин 1 миллион 675 миң 891 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды”, – деп билдирди Сима Садат Лари.

Анын билдирүүсү боюнча Иранда COVID-19 менен ооруп жаткандардын ичинен 4177 бейтаптын абалы оор болуп, жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Орусиянын Гамалея институту чыгарган “Спутник V” вакцинасынын биринчи партиясы Иранга 4-февралда жөнөтүлгөн. Андан кийин вакцинанын экинчи партиясы февраль айынын аягында, үчүнчү жана төртүнчү партиясы март айында Тегеранга жөнөтүлгөн. Иран Орусиядан жалпысынан вакцинанын эки миллион дозасын сатып алат. Иранда “Спутник V” вакцинасы менен эмдөө 9-февралда башталган. Эмдөөнүн биринчи күнүндө “Спутник V” вакцинасынын биринчи дозасын 3000 киши алган.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын август айынын башында Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19га каршы “Спутник V” деп аталган дүйнөдөгү биринчи вакцинаны каттаган. Ал вакцина Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология улуттук илимий изилдөө борбору тарабынан Орусиянын түз инвестициялар фонду менен биргеликте иштелип чыккан. “Lancet” журналы коронавируска каршы “Спутник V” вакцинасын изилдөөнүн үчүнчү баскычынын алдын ала жыйынтыгын жарыялап, анда вакцинанын натыйжалуулугу 91,6%ды түзгөнүн тастыктаган.

Комментарий жиберүү