Иранда «омикрон» штаммына каршы атайын вакцина жасалды

Коронавирустук инфекциянын «омикрон» штаммынын кеңири жайылышына байланыштуу Ирандын “Barakat” фармацевтикалык компаниясынын адистери өздөрүнүн илимий байкоолоруна жана изилдөөлөрүнө таянып, жаңы штаммга каршы атайын вакцинанын үстүнөн иштеп чыгууну аякташты.

“Омикронго” каршы вакцина жасоо иштери өлкөдө бул штамм пайда болгондон бир айдан кийин башталган.

“Barakat” Иранда коронавируска каршы ата мекендик “COVIran Barakat” вакцинасын жасаган биринчи компания болуп саналат.

Жаңы вакцина жаныбарларга сыналган.

Адистердин айтымында, сыноолордун алдын ала жыйынтыктары жаңы вакцина “омикрондон” 100% коргой тургандыгын жана анын коопсуз экенин көрсөткөн.

Жаңы вакцинанын клиникалык сыноолорун өткөрүү протоколу Ирандын Азык-түлүк жана дары-дармектердин сапатын көзөмөлдөгөн уюмуна жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин этикалык комитетине тапшырылган.

Комментарий жиберүү