Иранда селден каза болгондордун саны 56га жетти

Соңку жумада Ирандын бир катар провинцияларында нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрүп, каза болгондордун саны 56га жетти. 

Бул тууралуу өлкөнүн Кызыл Жарым Ай коомунун куткаруу бөлүмүнүн башчысы Мехди Валипур билдирди.

“Табигый кырсыктан каза болгондордун саны 56га жетип, 39у жаракат алып, 28 адам дайынсыз болууда”, – деди ал.  

Учурда дайынсыз болгондорду издөө операциялары уланууда. 

Валипурдун айтымында, табигый кырсыктан Исфахан, Йезд, Лорестан, Мазандеран, Тегеран, Чехармехал жана Бахтиярия провинциялары эң көп жапа чеккен.

Буга чейин селден 32 адам каза болгону кабарланган.

Нөшөрлөгөн жаандан улам Ирандын 31 провинциясынын 20да сел жүрүп, 111 шаарча, 310 айылды суу каптады.

Комментарий жиберүү