Иранда 348 жүргүнчүсү бар поезд рельстен чыгып, оодарылып калды. Видео

Иранда Мешхедден Йезд шаарына бараткан жүргүнчү ташыган поезд рельстен чыгып, төрт вагону оодарып калды. Поездде жалпы 348 жүргүнчү болгон.

Кырсык болгон жерден тартылган видеону  Fars News  агенттиги жарыялады.

Өлкөнүн чыгыш аймагында орун алган окуя бүгүн эртең менен болгон. Мешхед-Йезд багытында бара жаткан поезд Табастын 85-чакырымында Аббасабад станциясында рельстен чыгып кетип, төрт вагону оодарылып кеткен.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыктын кесепетинен 17 адам каза болгон жана 50дөй жүргүнчү жабыркады. Алардын 16сынын абалы оор, бешөө дайынсыз болууда.

Окуя болгон жерге Ирандын жолдор жана шаар курулуш министри Рустам Гасеми, Темир жолдорунун башкы директору Миад Салехи барышты.

Табастын атайын губернатору Али Акбар Рахими алдын ала маалыматтарга таянып окуяга поезддин механикалык экскаватор менен кагылышы себеп болгон болушу мүмкүн экенин билдирди.

Вагондор оодарылып, рельске кран орнотулушу керек болгондуктан, кырсык болгон жерге Табас жана Йездден бир нече кран жана Түштүк Хорасан, Хорасан Разави жана Йезд провинцияларынан үч тик учак жөнөтүлгөн.

Табастын администрациясы куткаруу иштери жүрүп, вагондор текшерилип, жарадар же каза болгондордун аты-жөнү такталып жатканын жана кырсык оор болгондуктан анын кесепетинен каза болгондордун, жаракат алгандардын саны көбөйүшү мүмкүн экенин билдирди.

Жабыркагандар Табас шаарындагы аймактык ооруканага жеткирилүүдө.

Комментарий жиберүү