Ирандык студенттер “INEX 2021” эл аралык көргөзмөсүндө биринчи орунду алышты

Индияда өткөн инновациялар жана ойлоп табуулар боюнча эл аралык көргөзмөдө (INEX 2021) 30 өлкөнүн студенттеринин арасынан ирандык студенттер биринчи орунду ээледи.

Бул тууралуу ирандык маалымат каражаттары жазышты.

Ирандын Авиценна атындагы студенттик фестивалдын туруктуу катчылыгынын жетекчиси Мехди Рашиди Жахан ирандык студенттер электроника, жасалма интеллект жана программалоо тармактарында үч алтын медалга ээ болушкандыгын билдирди.

Маалыматка караганда, бул жылы көргөзмө Индиянын Хайдарабад шаарында коронавирустук пандемия шартында саламаттык сактоо протоколдорун сактоо менен дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн мектеп окуучулары жана студенттердин катышуусунда өттү.

Комментарий жиберүү