Ирандын президенти Байденге катуу жооп берди

  Ирандын президенти Ибрахим Раиси АКШ президенти Жо Байдендин Иранды “боштондукка чыгарабыз” деген убадасына жооп кайтарып, Тегеран боштондукка 43 жыл мурда эле чыкканын айтты. 

Бул тууралуу IRNA агенттиги жазды.

“Иран мындан 43 жыл мурда эле бошотулган жана мындан ары силердин туткунуңарга түшпөөгө чечкиндүү. Тегеран эч качан Кошмо Штаттары үчүн “Саан уйга” айланбайт”, – деди Раиси элдин алдында сүйлөп жатып.

Мындан 43 жыл мурда, 1979-жылы 11-февралда Иранда Ислам революциясы болгон.

1-февралда (12-бахман) Иран Ислам Республикасынын  негиздөөчүсү Имам Хомейни 15 жылдык сүргүндөн мекенине кайтып келген. Хомейни Иранга кайтып келгенден он күн өткөндөн кийин 11-февралда (22-бахман) Иран Ислам Революциясы толук жеңишке жеткен. Революцияда шахтын бийлиги кулатылып, монархияга чекит коюлган.

Буга чейин АКШ президенти Жо Байден Калифорнияда сүйлөп жатып, Иранды “боштондукка чыгаруу” ниетин билдирген. Ошол эле учурда ал өлкө “өзүн-өзү боштондукка чыгарат” деген.

Белгилей кетсек, октябрдын орто ченинде Ирандын бир катар шаарларында башаламандыктар орун алган.

Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматы боюнча, өлкөдөгү нааразычылыктардын натыйжасында кеминде 41 адам каза болуп, дагы 1500 киши кармалган. Каза болгондор менен жаракат алгандардын арасында коопсуздук күчтөрү да бар.

Расмий Тегеран өлкөдөгү соңку баш аламандыктар чет жактан багытталганын билдирген.

Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеинин айтымында, өлкөдөгү башаламандыктардын артында  АКШ менен Израиль турат.

Комментарий жиберүү