Ирандын президенти Самаркандда өтүүчү ШКУнун саммитине катышат

Ирандын президенти Ибрахим Раиси 15-16-сентябрда Самаркандда (Өзбекстан) өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитине катышат.

Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Канани билдирди.

Эске салсак, 11-июлда Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов быйыл Иран Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) кабыл алынарын айтып, тиешелүү меморандумга Самарканддагы саммитте кол коюларын билдирген.

Беларусь дагы бул уюмга кирүүгө арыз берген. ШКУга кабыл алуу процедурасы аталган саммитте башталарын Өзбекстандын ТИМинин милдетин аткаруучу Владимир Норов билдирген.

ШКУга учурда Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө.

Комментарий жиберүү