Ирандын президенттигине 7 талапкер ат салышат

Иранда 18-июнда өтө турган президенттик шайлоого 7 адамдын талапкерлиги катталды.

Бул тууралуу Иран Ислам Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан жарыяланды.
Белгилей кетсек, шайлоого катышуу үчүн өлкөнүн экс-президенти Махмуд Ахмадинежад, парламенттин мурдагы төрагасы Али Ларижани жана вице-президент Эсхак Жахангири баш болгон 592 адам кайрылган, бирок алардын талапкерлиги кабыл алынган жок.

Ал эми акыркы тизме менен каттоодон жети гана талапкер өткөн.

Алар: учурдагы сот тутумунун башчысы Ибрагим Раиси, экс-вице-президент Мохсен Мехрализаде, Борбордук банктын төрагасы Абдолнасер Хеммати, Саясий максатка ылайыктуулук кеңешинин катчысы Мохсен Резаи, Жогорку Улуттук Коопсуздук Кеңешиндеги Руханий Лидердин өкүлү Саид Джалили, Иран Мажлисинин (парламентинин) изилдөө борборунун башчысы Алиреза Закани жана парламенттин мүчөсү Амирхусейн Казизаде-Хашеми.

Эске салсак, Ирандын 13-президентин шайлоо өнөктүгү 25-майда башталган жана добуш берүүгө (18-июнь) 24 саат калганда өз ишин аяктамакчы.

Комментарий жиберүү