Ирандын түштүгүндө жүргөн сел кеминде 11 адамдын өмүрүн алды

Ирандын Фарс провинциясында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам, катуу сел жүрүп, 11 адам каза болду.

Бул тууралуу ирандык басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, селден кеминде 55 адам жабыркаган. Учурда 13ү дайынсыз болууда.

Кырсыктан жабыркагандар тууралуу акыркы маалыматты жергиликтүү Кризистик башкаруунун башкы директору Халил Абдуллахи билдирди.

Анын айтымына караганда, кырсыкка нөшөрлөп жааган жамгыр себеп болгон.

Суу ташкынынан кийин дароо куткаруу топтору кырсык болгон жерге барып, жабыркагандарга жардам көрсөтүшкөн.

Облустук бийликтин маалыматы боюнча, учурда жабыркагандардын жалпы саны 55 адамды түзөт. Бирок бул акыркы көрсөткүч эмес, жабыркагандардын саны өсүшү мүмкүн.

Ошондой эле 15 унаа суу алдында калып, анын 12син алып чыгууга үлгүрүшкөн.

Комментарий жиберүү