Ирандын түштүгүндө күчү 5,2 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ирандын түштүк тарабында күчү 5,2 баллга жеткен жер титирөө болду.

Бул тууралуу Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору билдирдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн эпицентри 352 миңдей адам жашаган Бандар-Аббас шаарынан 59 чакырым түндүктө болгон. Жер титирөөнүн очогу 10 чакырым тереңдикте жайгашкан.

Азырынча жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат берилген жок.

Эскерте кетсек, кечээ, 26-декабрда Индонезиянын жээгинде күчү 5,4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Комментарий жиберүү