Ирандын учкучсуз учуучу учактарына 20дан ашык өлкө кызыкдар

 Иранда жасалган аскердик учкучсуз учуучу учактарды сатып алууга дүйнөнүн 22 өлкөсү расмий арыз берди.

Бул тууралуу 19-октябрда Ирандын Куралдуу күчтөрдүн башкы колбашчысынын жардамчысы жана Жогорку лидери Аятолла Хаменеинин башкы аскерий кеңешчиси генерал-майор Яхья Рахим Сафави Тегеранда өткөн илим жана технология боюнча конференцияда билдирди.

Ал Иран 1979-жылдагы Ислам революциясына чейин Шах Реза Пехлевинин тушунда өзүнүн аскерий муктаждыктарын чет өлкөдөн, биринчи кезекте АКШ жана башка батыш өлкөлөрүнөн импорттогон болсо, бүгүн күндө Ислам Республикасында коргонуу техникасынын 80%дан ашыгы өндүрүлөрүн баса белгиледи. 

Белгилей кетсек, Иран өлкөсү Батыш тарабынан киргизилген санкцияларга карабастан өздүк өндүрүштөгү аскердик техникаларды жасоодо көптөгөн ийгиликтерге жетишип келе жатат.

Иран дрондорду бир гана өлкө ичинде эмес, чет өлкөлөрдө да чыгара баштады.

Ушул жылдын май айынын орто ченинде Тажикстандын борбор шаары Душанбеде ирандык “Ababil 2” учкучсуз учактарын чыгаруучу завод расмий ачылган. Анын ачылыш аземине Ирандын Башкы штабынын башчысы генерал-майор Мухаммед Багери катышкан.

Завод эки өлкөнүн биргелешкен коргонуу жана аскердик кызматташтыгын бекемдөө жана өнүктүрүүнүн алкагында ачылган.

Ошол эле айда Ирандын Куралдуу күчтөрү “Хайдер-2” деген жаңы учкучсуз учагын көрсөткөн.

Февраль айында дагы “Kaman 22”  – деп аталган жаңы согуштук учкучсуз учуучу аппаратын көрсөткөн.

Дрон 24 саат бою, 3000 чакырым аралыкка чейин учуп жүрө алат.  Аппарат ар кандай согуштук, оптикалык-электрондук системалар менен жабдылган жана жүктүн бардык түрүн көтөрө алат.

Ошондой эле анын аныктоо, маалымат чогултуу жана алыстагы буталарды сүрөткө тартып алуу жөндөмү бар.

Комментарий жиберүү