Иранды каптаган кум бороонунан улам үйдө да беткап тагынуу сунушталды

Ирандын бир нече аймактарын катуу кум бороону каптады. Бул тууралуу ирандык басылмалар жазды.

Маалым болгондой, бир апта мурун башталган бороондон миңдеген адамдар жабыркап, медициналык жардам сурап кайрылышууда.

Айрым аймактарда аэропорттор убактылуу ишин токтоткон.

Өлкөнүн адистер абанын булганышынын деңгээли жогору болгондуктан жарандарга үйдө жүргөндө да беткап тагынууну сунушташууда.

Ошондой эле, мындай шартта үйдө отуруп суюктук, өзгөчө сүт ичүү зарылдыгын белгилеп, беткап колдонууну да олуттуу кабыл алуу керектигин белгилешүүдө.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо жана Электр энергетика министрликтери өзгөчө кырдаал жарыялады.

Борбор калаа Тегеранда бул чаңдуу жаратылыш кырсыгынан улам мектептер жана мамлекеттик мекемелер убактылуу жабылып, бүгүн дем алыш күнү деп жарыяланды.

Абанын сапаты өтө начар болуп жаткандыктан, жергиликтүү бийлик тургундарды үйлөрүнөн чыкпоого, зарыл болгон учурда беткап менен чыгууга чакырууда. 

Бул апрель айынан берки сегизинчи чаң бороону. Эксперттер буга кургакчылык жана кыртыштын деградациясы себеп болуп жатканын айтышууда.

Ал эми Керман провинциясынын метеорологиялык борбору бул аймакта кум бороону ушул жуманын аягына чейин улана турганын билдирди.

Кумдуу бороон Иранга Ирак тараптан келген. Алгач Сирия-Иордания чек арасынан Иракка кирип, өлкөнүн түндүгүндөгү Эрбил сыяктуу шаарлардан баштап Самавах провинциясы сыяктуу эң түштүк аймактарына чейинки ири аймактарды каптаган. Өлкөнүн кээ бир аймактарында чаңдан улам көчөлөр көрүнбөй калганы айтылууда.

Кум бороону ушунчалык катуу болгондуктан, 23-майда өлкөдө иш токтоп, Багдад жана Нажаф эл аралык аэропортторунда бардык каттамдар токтотулган. Андан миңдеген адамдар жабыркап оорукаларда жатышканы маалымдалды.

Премьер-министр Мустафа аль-Кадими медициналык мекемелерден башка бардык мекемелерди жабууга буйрук берип, Багдад, Нажаф жана Эрбил аэропорттору жабылды.

Иракта ушул эле жылдын жазында кум бороон-чапкынынан 10 миңден ашуун адам жабыркап, алардын бири каза болгон. Учурда көчөлөрдө кычкылтек баштыктары менен жабдылган тез жардам унаалары нөөмөттө турат.

БУУнун маалыматы боюнча, Ирак дүйнөдө глобалдык жылуулуктан эң көп жабыркаган беш өлкөнүн бири. Акыркы жылдары бул жерде жайкы абанын температурасы 52 градуска чейин жеткен.

Комментарий жиберүү