Иран аймактагы эң ири бензин экспорттоочу өлкө

Ирандын мунай министринин орун басары Алиреза Садегабади бүгүнкү күндө өлкөнүн Улуттук мунайды кайра иштетүү жана бөлүштүрүү компаниясы аймактагы эң ири бензин өндүрүүчү жана экспорттоочу компания болуп саналарын билдирди.

Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги кабарлады. Садегабади Тегеранда өткөн 25-мунай, газ, мунайды кайра иштетүү жана мунай химиясынын көргөзмөсүнүн алкагында сөз сүйлөп, “Ирандын Улуттук мунайды кайра иштетүү жана бөлүштүрүү компаниясы учурда бензинди Ооганстан, Пакистан, Армения, Азербайжанга, ошондой эле Ирактын Курдистан аймагына бензинди түз экспорттойт”, – деп билдирди.

Ал 2017-жылы Иранга күнүнө 17 миллион литр бензин импорттолуп келгенин белгилеп, акыркы үч жылда Иран бензин импорттоону токтотуп, 2019-жылдан бери башка өлкөлөргө бензин экспорттой баштаганын баса белгиледи. Кечээ, 22-январь Тегеранда “Улуттук мунай зат, Ирандын товарлары жана кызматтары” деген ураан менен 25-мунай, газ, мунайды кайра иштетүү жана мунай химиясынын көргөзмөсү 550дөй ирандык компаниянын катышуусу менен башталган.

Комментарий жиберүү