Иран, Америка жана Британия вакциналарына тыюу салуунун себебин атады

Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Америка жана Британия вакциналарынан баш тартуусунун себебин түшүндүрдү.

Islam Today маалымат порталы билдиргендей, Америка Кошмо Штаттарынан жана Улуу Британиядан Иранга вакциналарды алып келүүгө тыюу салуунун себеби, Ислам Республикасы менен бул өлкөлөрдүн ортосундагы “ишенбөөчүлүк дубалы” болгон.
Бул тууралуу РИА Новостиге берген маегинде Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Киануш Жаханпур билдирди.

 “Албетте, Иран менен ушул эки мамлекеттин ортосунда болгон ишенбөөчүлүктүн бийик дубалы бар. Ошондой эле коопсуздук үчүн жооптуу саясий түзүмдөрдүн сунуштарынан улам биз эч кандай шартта Британия менен АКШдан вакцина сатып албайбыз”, – деди ал.
“Эгер кандайдыр бир европалык вакцина Орусияда өндүрүлсө, анда сатып алууда эч кандай кыйынчылыктар болбойт эле”, – деп кошумчалады Жаханпур.

Белгилей кестек, учурда Иран коронавируска каршы өзүнүн вакцинасын иштеп чыгууда. Ал эми, 28-январда Иран бийлиги өлкөдө орусиялык “Спутник V” вакцинасын колдонууну жактырганы белгилүү болду жана жакынкы келечекте Иран, Орусия Федерациясынын катышуусунда биргелешип өндүрүштү баштоого үмүттөнөт.

Комментарий жиберүү