Иран: Байдендин өзөктүк келишимге кайтуу мүмкүнчүлүгү аяктап баратат

Ирандын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлү АКШнын жаңы администрациясы Ирандын өзөктүк программасы боюнча биргелешкен иш-аракеттер планына кайтып келүү үчүн ыкчам аракет көрүшү керек деп билдирди.

«ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Ирандын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлү Мажид Тахт-Раванчи кечээ, бейшмби күнү “USA Today” гезитине берген өзгөчө маегинде, АКШнын Мамлекеттик катчысынын өзөктүк келишимди бузгандыгына жана өлкөнүн жаңы өкмөтүнүн келишимге кайтып келүү позициясына реакция жасап, “Өз багытын өзгөртүүсү керек болгон тарап – Иран эмес, АКШ”, – деди.
Мажид Тахт-Раванчи Байдедин өкмөтү тез арада аракет кылышы керектигин, анткени Ирандын Вашингтонго экономикалык санкцияларды алып салуу үчүн берген мөөнөтү аяктап бара жатканын баса белгиледи.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен пресс-конференцияда, эгер Иран өзөктүк келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарса, АКШ кайра келишимге кайтып келерин айткан.
“Эгер Иран өзөктүк келишимге кайтып келип, бекем карманса, анда биз бул келишимге кайтып келүү маселесин талкуулоо үчүн атайын топ түзөбүз. Союздаштарыбыз менен бирге Ирандын программасы боюнча Биргелешкен ар тараптуу аракеттер планынан башка маселелерди чечүү үчүн платформа катары колдонобуз”, – деп билдирген Блинкен.

Комментарий жиберүү