Иран Йемендеги кризисти жөнгө салууга көмөктөшөт

Кечээ, дүйшөмбү күнү Ирандын Тышкы иштер министрлиги Йеменге кризистен чыгуунун жолун табууга жардам берерин билдирди.

Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Саид Хатибзаде жумалык маалымат жыйынында Иран бийлиги Йемен элин колдоону улантарын жана бул өлкөдөгү кризисти тез арада чечүүгө аракет кыларын билдирди.

“Биздин кеңешибиз, ар дайымкыдай эле, Йемендеги кризисти токтотуунун жалгыз жолу катары саясий чечимди издөө. Бул Йемендин эзилген калкынын үнү угулушу үчүн өлкөнүн коргоосуз элин колдойбуз. Йемендеги кризисти мүмкүн болушунча тезирээк чечим табууга аракет кылабыз”, – деди Хатибзаде.

Белгилей кетсек, Йеменде 2014-жылдын августунан бери өкмөттүк күчтөр менен хуситтердин (Ансар Аллах кыймылы) куралдуу топторунун тирешүүсү уланып келет. 2015-жылдын март айынан бери Йемендин эл аралык коомчулук тааныган өкмөтү тарабынан Сауд Аравиясы жетектеген араб коалициясы да хуситтердин позицияларын абадан бомбалап, согушуп келет.

Комментарий жиберүү