Иран коргонуу деңгээли боюнча дүйнөдөгү беш ири мамлекеттин катарына кирет

Иран парламентинин спикери Мухаммад Бакер Калибаф өлкөсү коргонуу деңгээли боюнча дүйнөдөгү беш ири мамлекеттин катарына кирет деп билдирди.

Бул тууралуу “Pars Today” МА кабарлады. Калибаф Шаардык жана айылдык кеңештердин 39-жыйынында Иран Ислам Республикасынын илимий жана коргонуу жаатындагы прогрессине ишара кылып, “Ислам Революциясынын жеңиши жана жаштардын талантын колдонуунун аркасында Иран коргонуу жаатындагы эң ири беш мамлекеттин катарына кирет жана кээ бир башка аскердик жана коргонуу тармактарында  дүйнөдөгү  10 өлкөнүн катарына кирет”, – деп билдирди.

Ал ошондой эле Ирандын ракета жана спутник жаатындагы жетишкендиктерине токтолуп, “Бүгүнкү күндө биз спутниктерди 100% өзүнүн илимий жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү менен орбитага чыгарган өлкөлөрдүн катарына кирдик”, – деди.

Комментарий жиберүү