Иран менен Орусия SWIFT системасына альтернатива издөөдө

Финансылык билдирүүлөрдүн өзүнчө системасы Орусия менен Иранга АКШ менен Европанын санкцияларын кыйгап өтүп, бири-бири менен соода жана бизнес жүргүзүүгө мүмкүндүк бермек.

Бул тууралуу IRNA агенттиги жазды.

Ирандын Орусиядагы элчиси Казем Жалали Москва менен Тегеран SWIFT каржы транзакция тармагын айланып өтүү үчүн банктар аралык системаларын туташтыруу боюнча биргелешип иштей баштаганын билдирди.

“Эки өлкө тең батыштын катаал санкцияларына туш болуп, соода эсептерди SWIFT аркылуу жөнгө салууну иш жүзүндө кыйындатууда”, – деди Жалали.

Ал март айынын башында Орусиянын жети банкы SWIFTтен (Дүйнөдөгү банктар аралык каржы байланыш коому) өчүрүлгөнүн айтып, бул тыюу салуулар батыштын Орусияга каршы санкцияларынын бир бөлүгү катары ишке ашырылып жатканын билдирди.

АКРА агенттигинин каржы институттарынын рейтингдер тобунун башкы директору Валерий Пивень Орусия менен Иранды SWIFT банктар аралык тутумун айланып өтүү менен байланыштыруу  технологиялык жактан реалдуу экенин РИА Новостиге билдирди. Анын айтымында, мындай маселелерде эки өлкөнүн тең тажрыйбасы жетиштүү.

Белгилей кетсек, Орусиянын SWIFTге окшош функциясы бар өзүнүн SPFS деген төлөм механизми бар. Бул финансылык транзакция тармагы эл аралык төлөм системасына альтернатива катары түзүлгөн.

Комментарий жиберүү